Бул тууралуу жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

Анын айтымында, Осмоналиев кармалган 2-марттан бери эч кандай тергөө аракеттери жүргүзүлгөн эмес. Айыпталуучунун саламаттыгына психологиялык басым, күнөөнү кыйноо жолу менен мойнуна алдыруу сыяктуу аракеттер деп бааласа болот.

«Конституциянын 31-беренесине ылайык, ар бир жаран өз оюн, пикирин айтуугу укуктуу. Тынч митингде ар адам бийликтин өз билемдигин сындаган. Башкы прокуратура мамлекеттик бийликтин коррупциялашкан органдарына жагынып, Каныбек Осмоналиевди катышуучуларга президенттин, сот, өкмөттүн дарегине сын айтышына жол берген деп мыйзамсыз кармашкан», — дейт адвокат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен 2-мартта өткөн митингди Каныбек Осмоналиев уюштурган деп жатышат. Ага карата «бийликти күч менен басып алууга аракет» беренеси менен айып тагылууда.

Булак: Элгезит