Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, буга карантиндик чектөөлөргө байланыштуу айрым адвокаттар сотко келе албай калганы себеп болду.
Соттолуучулардын бири, мурдагы президент, УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев буга чейинки бир нече отурумга барбагандыктан жараяндар улам башка күнгө калтырылып келген. Бүгүнкү отурумга ал УКМКнын эки медицина кызматкеринин коштоосунда барды.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун төрагалыгы менен каралып жаткан ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде сотко өткөрүп берген.
Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Сот жабык өтөрү тууралуу чечим 6-марттагы алгачкы отурумда кабыл алынган.
Буга чейин Атамбаевдин тарапкерлери анын кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлаганын айтышкан. УКМК анын ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирген.
Булак: Азаттык