- Аида айым, биринчи вице-премьер-министр К.Боронов президент менен жолукканда коронавирус менен күрөшүүнүн экинчи этабы тууралуу айтты. Экинчи этап боюнча кеңири билсек болобу?

- Экинчи этаптагы негизги милдет – инфекциянын жаңы очокторун жок кылып, анын калк арасына кеңири жайылуусуна жол бербөө. Бардык инфекция чыккан зоналарда экспресс-тестирлөөнү колдонуу менен скриннингдик изилдөөлөр, сурамжылоолор, маалыматтык-агартуучулук иш-чаралар жүргүзүлөт.

- Эл арасында кышкы мезгилде орун алган сасык тумоо оорусу коронавирус болгондугу айтылууда. Силер 2019-жылдын январь, февраль, март айларындагы  сасык тумоо менен ооругандар боюнча иликтөө жүргүзүп көрдүңүздөрбү? Жыйынтыгы кандай болду?

-  Адистер кышындагы грипп мурдагы жылдагы грипптерден эч кандай айырмасы болбогонун айтышууда. Коронавирус биздин арабызда жашап эле келет, жыл сайын аны менен көптөгөндөр оорушат, алар кадимки вирустар. Бирок бүгүнкү дүйнөнү пандемияга алып келген коронавирус бул - коронавирустун жаңы серотиби. Кыйла оор респиратордук инфекцияга алып келет. Алдыңкы адистер менен консультациялар жүргүзүлдү, анда 2020-жылдын башындагы грипп 2019-жылдын январь, февраль, март айларындагы грипп менен окшош эле болгон. Кадимки кыш эле болуп, ооругандарда кандайдыр пневмониянын жаңы түрү байкалган эмес. Бирок быйылкы марттын экинчи жарымында ооругандардан коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын саны кескин көбөйүп жүрүп олтурду.

- COVID-19га тесттер, индивидуалдык коргоочу каражаттар жетишеби? Сатып алуулар кандай болуп атат?

- Азыр жеңил болуп калды, гуманитардык жардамдар көп келүүдө, өзүбүз сатып алып атабыз. Бүгүнкү күндө бизде 50 миң ПЦР тести бар, ушунча эле санда экспресс-тесттер бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги,  ФОМС тесттер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда.

- Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү кандай жүрүп атат? Жыл башынан бери алардын саны канчага өстү?

- Даректүү жардамдарды көрсөтүү Өзгөчө абалдын шартындагы башкы маселелерден болуп саналат. Анткени, биздин көптөгөн мекендештерибиз жумушсуз калышты. Мындай милдетти өлкө башчысы да, өкмөт башчы да коюуда. Жардам берүүдө жарандын аталган даректе каттоодо турар, турбасы эске алынбайт. Расмий түрдө маалымат базасында бар жарандардын баарына жардам көрсөтүп атабыз. Жергиликтүү бийлик органдарына, Республикалык штабга кайрылган жарандарга да жардамдар берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата ачылган эсепке 16,1  млн. сом келип түштү, атайын комиссия алардын максаттуу бөлүштүрүлүүсүн камсыз кылууда. Өкмөттүн алдында түзүлгөн жардам-Штабына 281 миң телефон чалуулар жана арыздар келип түштү.

Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги жергиликтүү органдар менен биргеликте 400 миңден ашык үй-бүлөнү аныктады. Бүгүнкү күндө жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 400 609ду түзөт. Алардын 304 649уна азык түлүк иретинде жардам көрсөтүлүп, дагы да жардамдар берилүүдө.

- Жардамдар кайсы линиялар менен берилүүдө? Атайын комиссия кандай иштеп атат? Баарын квартал башчылары чечип атабы?

- Өкмөт башчынын буйругу менен республикалык бюджеттен 200 млн. сом бөлүндү, алардын жарымы аймактарга каралды. Ошондой эле премьер-министрдин буйругу менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде депозиттик эсеп ачылып, ага 16 млн. сомдон ашык акча которулду. Мындан сырткары, жардамдарды башка демөөрчүлөр да көрсөтүп жатышат, азык түлүк баштыктарын өздөрү бөлүштүрүп берүүдө. Өкмөттүн буйругу менен менен Матрезерв фондунан өлкөнүн бардык облусуна 5988,7 тонна ун таркатылды.
дагы

- Биздеги  эпидемияга каршы күрөштү  башка өлкөлөрдүкү менен салыштырып көрөлү. Сиздин оюңузча, ийгиликке жетишкен өлкөлөрдүкүнө жакынбы же кризиске кептелишкен өлкөлөргөбү?

- Биз азырынча коронавирустун шартында жашап атабыз. Маселе Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, биринчи күндөн өлкө башчысы кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Өзгөчө абал маалында киргизилди, бул да коронавирус менен күрөшүүдө чоң роль ойноду. Айрым бир кемчиликтерди эске албаганда, биздин эпидемия менен күрөшүүгө болгон  мамилебиз пандемияны жеңил өткөрүп аткан өлкөлөргө жакын. Натыйжада биз эмнелерге жетише алдык? Коронавирус менен ооругандардын саны божомолдонгон сандардан кыйла аз, акыркы 2 жумада инфекцияны жуктургандардын санынын  төмөндөө тенденциясы байкалууда.

- Элдин өкмөткө болгон ишеними эпидемия менен күрөшүүдө чоң мааниге ээ. Бүгүнкү күндө ишеним кандай болууда?

- Албетте, бүгүнкү кырдаал баарыбызды бекемдикке текшерүүдө. Биринчи кезекте бийликтин аткаруу бутагын. Биз өз кезегинде ишибизди ачык алып баруудабыз. Бизге болгон сындар дагы аз эмес. Бирок ал сындардын баары кырдаалды жакшыртууга багытталган. Биз эң ириде жарандардын колдоолоруна, түшүнүүлөрүнө таянып иштеп атабыз. Ыңгайсыздыктарга карабай, негизги талапты аткарууга жетише алдык – баарыбыз Өзгөчө абал режимин сактап келүүдөбүз. Элибиз бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдерге түшүнүүчүлүк менен мамиле кылууда. Буга кошумча жарандар өз ыктыярлары менен дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине колдоолорду көрсөтүшүүдө. Муну коронавирус менен күрөшүүдөгү эң башкы жардам деп билем. Менимче, эл тарабынан өкмөткө ишеним бар, бул биз үчүн өтө маанилүү.

“Тазабек” МА кыргыз тилине кыскартылып которулду