Бүгүн Биринчи май райондук соту ЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин карайт.
Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
- Соттук отурум 14:00гө белгиленген, - деп маалымдашты алар.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 4-мартында Биринчи май райондук соту мурдагы эл өкүлүн эки айга, 3-майга чейин камакка алган.
Каныбек Осмоналиев 2-мартта Бишкекте өткөн митингден кийин бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган.
Акциянын катышуучулары экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан.
Источник: vesti.kg