Маалыматка караганда, Текебаев көрсөткөн телефон ал отурган камерага кантип, ким тарабынан киргизилгени аныктала элек. Мекеме уюк телефонду Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери алып кирип бериши мүмкүн эмес экенин, анткени алар текшерүүдөн өтүп турушарын, камеранын ичине жана ага кирип чыккан жерге видеобайкоо коюлганын кабарлады.
Ошол эле учурда Текебаев менен жолугушуу үчүн сырттан көп киши келип-кетип турганы белгиленген. Саясатчынын коопсуздугу үчүн ал отурган камера күнү-түнү видеобайкоодо турганы да айтылды.
«Өмүрбек Чиркешович абакка кайра кайтарыла турган болсо иликтөө жүргүзүлөт. Телефонду кимден, кантип алганы боюнча түшүнүк кат алынып ошого жараша дисциплинардык чара колдонулат», - деди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков.
Жакында эле Өмүрбек Текебаев коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал тууралуу комментарий берип жатып өкмөт стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алышы керектигин билдирген. Ал буга мисал катары №47 абакта отурганда уюк телефондорун кантип катканын айтып берген. Анын сөзү боюнча, өзү колдонгон дары-дармек салынган кутунун ичине кичинекей телефондорду салып алган. ЖАМК кызматкерлери жумасына бир нече жолу кирип текшерип, телефонду таба албай кетишчү.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.
Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.
Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат. 24-апрелде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылганын Текебаевдин жактоочусу билдирди. Маалымат боюнча, кийинки соттук отурум 14-майда болот.
Булак: Азаттык