Ал буга чейинки бир нече жараянга катышуудан баш тартып келген. Бул жолу ал ден соолугуна карабай, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан балдарды колдоо үчүн келгенин анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Адвокаттары анын саламаттыгы начардыгын, кан басымы төмөндөп жатканын белгилеп, Алмазбек Атамбаевди ооруканага жаткыруу зарылдыгын айтып келишет. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бул маалыматтарды четке кагып, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы күн сайын текшерилип турарын, тынчсызданууга негиз жоктугун маалымдоодо.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбеков, УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев жана башка бир нече киши №1 тергөө абагында кармалып турушат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында.
Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Булак: Азаттык