- Турсунбек мырза, “Мухамедкалый Абылгазиев кызматтан кетет экен”- деген маалыматтар коомчулукта көбүрөөк айтыла баштады. Ал турсун анын ордуна барчу талапкерлердин аттары күн алыс атала баштады го?

- “Мухамедкалый Абылгазиев кызматтан кетиш керек” же “кетет экен” деген маалымат ал кызматка келгенден бери эле айтылып жатат. Абылгазиевдин отставкасын каалаган жана анын кызматына көз арткан чиновниктер, саясатчылар, депутаттар жетишээрлик. Бирок, канча аракет кылып, элди дүрбөтүшсө да, Абылгазиев отставкага кетпейт. Кээ бир сайттар “Абылгазиев кызматтан кетет экен”эле дебестен, “анын ордуна Акылбек Жапаров келет!”- деп да жазып жиберишти. Ал болсо  “Кыргызстан кичинекей мамлекет, 6-7 айда эле мамлекетти көтөрсө болот”- деген пикирин айтканга  үлгүрдү.  Мен “премьер-министр  Абылгазиев жакшы иштеп жатат”- деп бир жактуу мактагандан алысмын. Бирок, жакшы иштер менен катар ошол эле учурда олуттуу кемчиликтерге да жол берип койгон жайы бар экенин ачык эле айталам.  Айрыкча Космосбек Чолпонбаевдин  жетекчилик сапаты жок экенине карабай, канча сындасак да үч жыл бою КР Саламаттыкты сактоо министри кылып кармаганын өзү чоң кемчилик болуп калды. Туура эмес кадрдын азабын бүгүн бүтүндөй Кыргызстан, президент баш болуп тартып жатабыз.

Ошондой эле премьер-министрдин кадрлары пандемия учурунда дарыгерлер тууралуу туура эмес маалымат берип алып, кайра кечирим сурашып, айтор, катачылыкарга көп жол беришти.

Бирок, мурдагы иштеп кеткен 20 премьер-министрдин ичинен 3-4 таза  премьер болсо, ошонун бирөө Абылгазиев. Бул кишинин  бизнеси, амбициясы жок. Жакшы аткаруучу, таза инсан. Артында какмар, шакмары жок. Эгерде бул кишинин ордуна башка бирөөнү алып келсе, анын сөзсүз элди чочулаткан бир жери болот. Ошон үчүн “ашуудан  ат алмаштырбай”, белди бекем бууп, пандемияны жеңишибиз керек. Отставкага кетирүүгө  шашпай алдыдагы шайлоону жакшылап өткөрүп алышыбыз керек. Премьердин эмгегин президент өзү  жактырып, иштешип жаткандан кийин президенттин да тандоосун сыйлашыбыз керек.

- Айтканыңызга ынаналы, бирок президенттин премьер-министрге ичи чыкпаганы үчүн маселени Абылгазиев менен эмес, Эркин Асрандиев менен чечип жаткан  жокпу? Акыркы мезгилде президент Асырандиевди көбүрөөк кабыл ала баштады го?

- Мен антип ойлобос элем. Анткени, Эркин Асрандиев социалдык маселелерди, экономика, банк тармактарын тейлеген вице-премьер-министр. Өзү жакшы, билимдүү жигит.  Ал өз тармагын тейлеп, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче иштеп жатат. Президент аны менен да сүйлөшкөнгө, айрым маселелерди чечкенге акысы бар да. Аны менен да талкуулай турган маселелери бар дегендей. Менин байкашымча президент, премьер, спикер үчөө бир муштумдай болуп иштеп  жатышат. Премьердин  ролун түшүрүп, президент Асырандиев менен маселе чечип жатыптыр  деген маалыматтар жалган. Президент менен премьер-министр маселени кеңешип эле чечип жатышат. Ага элдин баары эле күбө.

- Баса, карантиндин узарганы туура эле болдубу ?

- Албетте, туура болду. Дүйнө жүзүндө  3 миллионго чукул адам коронавируска чалдыкты. 270 миңдей  адам каза болду. 200дөн ашык мамлекет коронавирус менен күрөшүп жатат. Коронавирустун айынан экономикасы күчтүү болгон Америка, Англия,  Катар, Сингапур, Түркия сыяктуу 50 мамлекеттин экономикасына сокку урулуп, абалы  оорлой баштады.  Америка конгресстин чечими менен 2 триллион доллар акча бөлдү. Экономикасы күчтүү мамлекеттерде да чоң жоготуу башталды. Мындай мезгилди коронавирусту жуктургандардын санын  токтотуш үчүн үйдө отурууга аргасызбыз.  Анткени, Кыргызстанда эки айга жетпеген убакытта коронавируска чалдыккандар 700гө чукулдап, онго чукул адам каза болду. Бул илдет күнүгө 15-20дан  ашык кишиге жугуп жатат. Мына ушундай кезде “карантинди токтотолу”- деген сөз кылмыш иш кылганга барабар болуп калат. Тагыраагы, карантинди токтотсок элди илдеттен сактай албай калабыз. Ошон үчүн президент да, премьер да элдин ден-соолугун жогору коюп, карантинди узартууга аргасыз болушту. Мен ыктыярчылар жана штаб менен иштешип жатам. Алар карантинди 15 майга же орозо бүткөнчө созбосок болбойт дешип, оруунун элге жайылып кетүү кооптуулугун айтып, тынчсызданып  жатышат.

Арина Рысбаева