Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму уланмак. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар. Алардын бири – мурунку президент Алмазбек Атамбаев.

Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сот отуруму жылдырылды. Буга бүгүн сот Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу сот отурумун ансыз өткөрүү жөнүндө арызын алганы себеп болду.

Ошондой эле отурумга 5 жактоочу катышпагандыктан кийинки отурум 29-апрелге белгиленгени маалымдалган.

Булак: Баракелде