Акыркы күндөрү Атамбаевдин этегине мурда намаз окуп жүргөндөр эми Бакиев менен анын генералдарын айга-күнгө теңеп мактап башташты. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жазды.

«Атамбаев үчүн өлүп берчүдөй болуп агынан жарылып жүргөндөр ачыга түшкөнбү же абакта жатып аларга өзү ошондой наасат бергенби - ким билет - акыркы күндөрдө Бакиевди асмандан чыккан айдай, анын генералдарын асмандагы жылдыздай көрүшөрүн жарамазандай жат айта башташты го...чиркиндики...», - деп жазган ал.

Булак: vesti.kg