Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында кийинки соттук отурум 29-апрель күнү саат 10:00гө белгиленген.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартканы үчүн, отурум 27-апрелге жылдырылган эле.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Булак: reporter.kg