Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анда партиянын төрагалыгына Кыргызстандын 30 жаштан жаш эмес, жогорку билимдүү, партияда беш жылдан кем эмес мүчө болгон жана соттолбогон жараны көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде саясий партиялардын ишине жана аларды түзүүгө карата талаптар жогорулаганы айтылат. Мыйзамдын негизги максаты катары «саясий лидерлерди жана элиталарды тандоо, мамлекеттик кызматтарга дасыккан кадрларды даярдоо жана жетектөөчү кызматтарга саясий жоопкерчиликти алууга даяр кадрларды тарбиялоо» деп айтылат.

Мыйзам кабыл алынса партиядан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү, мамлекеттик кызматтарга талапкерлерди жылдыруу партиянын уставына ылайык жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Андан тышкары партия лидерин шайлоонун жол-жоболору жазылган долбоор 24-апрелден тартып коомдук талкууга коюлду.

Булак: Азаттык