Ош шаарынын качууда жүргөн мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун ишин кайра кароо боюнча соттук отурум 2020-жылдын 6-майына жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин да Мырзакматовдун ишин кайра кароо ар кандай себептер менен жылдырылып келген.

Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айында издөөгө салынган. Ага сыртынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып коюлган.

Булак: vesti.kg