Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзам долбоорун «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сунуштаган. Анда партиянын төрагалыгына 30 жаштан жаш эмес, жогорку билимдүү, партияда беш жылдан кем эмес мүчө болгон жана соттолбогон жаран шайлана алат.
Документтин маалыматтык негиздемисинде саясий партиялардын ишине жана аларды түзүүгө карата талаптар жогорулаганы айтылат. Мыйзамдын негизги максаты катары «саясий лидерлерди жана элиталарды тандоо, мамлекеттик кызматтарга дасыккан кадрларды даярдоо жана жетектөөчү кызматтарга саясий жоопкерчиликти алууга даяр кадрларды тарбиялоо» деп айтылат.
Ошондой эле партиядан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү, мамлекеттик кызматтарга талапкерлерди жылдыруу партиянын уставына ылайык жашыруун добуш берүү менен кабыл алынары көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар тобу да «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелешкен. Анда партия түзүү, анын ишмердиги, программасы жана уставы сыяктуу саясий бирикмеге тиешелүү бир катар өзгөртүүлөөр менен кошо саясий партияларды бюджеттен каржылоо сунушу да бар.
Юстиция минимтрлигине маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 270ке жакын саясий партия каттоодон өткөн.
Булак: Элгезит