Ал абакта отурганда чөнтөк телефонун кайда катып сүйлөшүп жүргөнүн көрсөтүп берип, сырларын ачыкка чыгарды.
«УКМКнын башчысы Абдиль Сегизбаев менин үстүмдөн катуу көзөмөл кылып, телефон менен да сүйлөшпөсүн деп, жалгыз отурган бөлмөнүн камеранын шыбына видеокамера коюп, ар бир чарчы метрди көзөмөлгө алып турду. Жумасына үч-төрт жолу 7-8 кызматкер келип, ар бир чарчы сантиметрден телефон издешет эле. Анан айласы кеткенде начальник Айбек алдыма отуруп алып: “Байке, бизди кыйнабаңыз, балдарымдын убалына калбаңыз. Сегизбаев күнүгө сиздин сүйлөшкөнүңүз боюнча көчүрмөлөрдү жөнөтүп жатат. Кечээ эле 12 жолу телефон чалып сүйлөшүптүрсүз. Биз жумуштан кетип калышыбыз мүмкүн”, – деп суранат эле. Аларды угуп, аяп, сырымды ачып жибергим келет эле, бирок өзүмдү өзүм карманат элем. Мен кайсыл жакка каттым, эмне үчүн алар таба албады? Жүрөгүм ооруганда корвалол ичип турчумун. Алар көпкө издегенде жүрөгүм ооруп кетти деп дарыны тамчылатып ичип отура берчүмүн. Издеп таппайт, корвалол дарысынын инструкциясынын ичинде телефон катылган. Дары начальниктин алдында турат, мен улам корвалол ичип коём. Алар муну табышбайт. Башка дагы дары-дармектер бар. Солдат келип, дарыны көрүп кетип калат. Дарынын инструкциясынын ичинде дагы кичинекей телефон бар. Мунун дүйнөлүк кризиске кандай тиешеси бар? Түрмөдө адамдар 500 сомдук телефондор менен сүйлөшөт. Алар чоң телефон, же смартфон издешти. Мындай кичинекей телефон болот деп аларга эч ким көрсөтмө берген эмес. Стандарт деген ушул. Алдыңда турса ушул жерде болуп калат деген ой жети уктаса да түшүнө кирбейт», – деди Текебаев.
Саясатчы муну менен кризис учурунда өкмөт стандарттуу эмес, креативдүү ой жүгүртүүсү керектигин айткысы келгенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.
Райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.
Бирок Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.
Булак: Элгезит