Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«КР Премьер-министринин, Өкмөттүн кызматтан кетиши жана өлкө Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз.

Учурда бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган.

Буга окшогон ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайылап жасалып, акыркы күндөрдө жайылтылып жатат деп ойлойбуз.

Ошондуктан саясий чөйрөнү жана массалык маалымат каражаттарынын бардык болгон күч-кубатын мамлекеттик органдардын инфекцияга каршы күрөшүүсүнө жардам берүүгө багыттоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Элгезит