Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу кайрадан Кой-Таштагы окуялар боюнча сотко катыша алган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Юристтин айтымында отурум айрым жактоочулардын жана мурдагы президенттин келбегенине байланыштуу 27-апрелге жылдырылды.

- Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сотко бара алган жок. - Анын кан басымы кыйла түшүп кетиптир.

Ал ошондой эле мурдагы президент менен пластик айнек аркылуу көрүшүп жатканын кошумчалады.

Булак: vesti.kg