Бишкектин комендатурасы шаардыктарга велосипед менен жүрүүгө чектөө коё албайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.
Анын айтымында бардык чектөөлөр, анын ичинде велосипед менен жүрүүгө да тыюу президенттин Кыргызстандын айрым шаар жана райондорунда Өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгында жазылууга тийиш.
- Мындай чектөөлөрдү эгерде алар башынан эле президенттин Өзгөчө абал киргизүү туурасындагы жарлыгында жазылган болсо гана киргизүүгө болот, - деп белгиледи Сооронкулова. - Жазылбаган үчүн учурда жарандарга карата болуп көрбөгөндөй өз билемдик орун алып жатканына күбө болуп отурабыз. Анда жарандардын велосипеддерин тартып алууга эч кандай негиз жок. Ал ыйгарым укуктарынан аша чаап, каалаганын кылбашы керек.
Сооронкулова эки дөңгөлөктүү унаа каражатына чектөө эмнеден улам келип чыкканын түшүнбөйт.
- Коменданттын милдети биздин эпидемиологиялык коопсуздугубузду камсыздоо болуп саналат, - деп эске салды ал. - Велосипед менен жүрүү жөө, демек көчөдө көбүрөөк убакыт жүргөнгө карата алда канча жакшы эмеспи. Бардык тыюулар мыйзамдарда жазылышы керек. Коменданттын оозеки жана жазма буйруктары эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес.
Эске салсак, кечээ 20-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев брифингдин дүрүшүндө шаардыктарды велосипед менен көчөгө чыкпай турууга чакырган. Ал мындай учурда милиция кызматкерлери тарабынан алардын велосипеддери убактылуу алынып турарын эскерткен.
Булак: vesti.kg