“Кризис-менеджер” деген аты бар Акылбек Жапаров жергиликтүү басылмалардын бирине: “Өкмөт башчы болууга көп жылдан бери даярданып келе жатам. Качан дайындаса, баарына даярмын. Программам деле даяр. Өткөндө өкмөт башчыга жолуккам, андай деле пландары жок болчу. Эгерде өкмөт башчылыкты колума берсе алты -жети айда мамлекетти бутуна тургуза алам”,- деди.
Ошондой эле: “Кыргызстан кичинекей мамлекет. Бизде эмне жок же эмне бар экенин коронавирус ачык көрсөттү. Коронавирус менен күрөшкөндөй эле ылдамдык менен күрөшүп, ашыкча чиновниктерден арылып, чыныгы иштей ала турган команда менен 2 жылда алдыңкы катарга чыкса болот”-дейт.
Жапаров ачык айтып, өз талапкерлигин сунуштап калганына караганда Мухамедкалый Абылгазиевдин отставкага кетээри анык болуп калганбы?