КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Н.Мирзахмедов түз эфирде сүйлөп жатып: “Гуманитардык жардам алып жаткан областтын жашоочулары шариат мыйзамдарына ылайык тилемчилер”- деп айткан. Ушундан улам губернаторго нааразычылык күч. Бул маселе боюнча биз коомдук ишмер Жолдошбек Орозовдун пикирин уктук:

- Мындай суроого терең үңүлүп анализ берүүбүз керек, бирок мен кыскача түшүндүрүүгө аракет кылайын. Мындай кейиштүү көйгөйгө кептелгенибиздин себеби: Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алганына 30 жылдан ашуун убакыт өтсө да экономикалык, социалдык жактан алдыга кылайган жылыш болгону жок, тескерисинче мамлекеттик бүт тармактар жеке кызыкчылыктарын ойлогон бир ууч айлакер шылуундардын сасык саясий оюунуна айланып, адам чыдагыс социалдык теңсиздикке, айласыз жетишпеген томаяк турмушка түртүлдү. Эң жөнөкөй адамдык фактор менен нравалык негизде жооп бирип коё турган суроого... үлкөн бир облустун жетекчисинин деңгээли ушундай эң ылдыйкы пастыкка жетип олтурат. Мындай караңгылыкка кептелүүнүн бирден-бир себеби бар, анткени советтик билим-илимди, завод-фабрикаларды, стратегиялык пландуу өнүгүүнү түзгөн илимий институттарды, адамдардын коопсуздугун алдын ала текшерип, коргоп турган илимий лабороторияларды максаттуу түрдө талкалашып, элди “кайда барсаң айда бар”, “быржыбайды там басты” бейжай турмушка ( произвол судьба) таштап салышты. Эл байкуш эмне кылат, каражанды карч уруп, үй-бүлө, бала-бакыраны багуу үчүн туш тарапка жан үрөп чачырап кетти. Колунда жок эл кимдин колун карайт, албетте акчалуу байбача куу-чирендердин колун карап калды же ар кандай гумжардамдарды карап сенектей катып селейип турат. Сүйлөйүн десе сөзү кыска байкуштун. Мына ушундай түбү түшкүр айласыз жашоого камалып, элдин үстүнөн чоң болуп, чочоңдоп оозуна келген сөздү ойлонбой сүйлөп, бийликтеги сабатсыз шылуундар омуроолошууда.

Кеп бир эле жеке Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдо эмес, кеп бүт мамлекетти акчалуу, бирок сабатсыз, жөндөмсүз адамдардын басып алышында болуп жатат. Жогорку Кеңештин төрагасы, анын орун басарлары эки ооз сөздүн башын курап сүйлөй албай, бүт дүйнөгө шерменде болуп жатканыбыз жалган эмес. Ошондуктан эл ЖКнын депутаттарын бекеринен чимкирик аташканы жок. Өкмөттүн шалакылыгынан азыркы абалыбыз кандай чекке жетти? Мындай караңгылык бардык бийлик бутактарына тарап, караңгылык болгон жерди дин басып, светтик мамлекеттин чордону Ак үйдө намазкана ачылып, аягы жугуштуу илдетти ошол мурдунун учун көрө албаган кашайган көр адамдар жайылтып жаткан учуру. Жалал-Абаддын облусунун жетекчиси диний караңгылыктын таасиринен чыга албаганын көрсөтүп, “жардам алганыңар динге туура келбейт”- деп молдолордун сөзүн сүйлөп жатышы бийликти кимдер башкарып жатканынан кабар берет?... Эл байкуш бийликтегилердин шылдыңы болуп, өз таламын талаша албай “төө бастыда” калганы бул - факты.