- Нурлан мырза, акыркы күндөрү ырга басым кылып калдыңыз. Карантин учурунда элдин маанайын көтөрөйүн деп ырдап жатасызбы же ырчылык талантыңыз ачылдыбы?

- Ырчылык талантым бала кезден эле бар болчу. 10 жыл мурун продюсерлер Ю.Бобков менен К.Сейдалиевалар байкап калышып, мени “Кош жылдыз” долбооруна ырдатып көрүп жактырышкан. Ырчы Нэна экөөбүз чыкмакпыз. Бирок, мен президенттик шайлоого алаксып калып, ал долбоорго катышпай калгам. А так, талант, өнөр оргуштап турса, кантип токтотом? Кээде жатып алып ойлончу болдум: Саясаттан дээрлик бак айтпады. Эл анча колдобогондой же мени түшүнбөгөндөй, же алар мага берчү добуштарын уурдатып ийсе да, отстаивать этишпейт. Дайыма эле темселеп көчө оппозиция болуп жүрө бермек белем. Түрмөгө улам түшөм “саясат, эл камы” деп. Же элиң бир колдоп, “боштондукка чыксын” деп коюшпады, тиги Садыр Жапаровго кыйкырышкандай. Ал эми Атамбаевдин бийлиги болсо мени апенди же болбосо келесоо чалыш көрсөтүп коюшту, ошондо деле элдин эмне, өз мээлери иштебейби ? Кимдин ким, же менин ким экенимди талдай албаган. Андыктан, саясат-маясатын жыйыштырып салып, шоу-бизнеске эле өтүп кетсемби деп да ойлоп аткан чагым. Киного тартылууга мени болгон кыргыз кинорежиссерлору чакырышкан убагында. Арым Кубат, Р.Жабиров жана башкалар. Калп дей алышпайт. Ал эми даяр ырчы экенимди  бүт эл көрдү. Интернетте 90 пайызы колдоп атышат.

- Ырчылардан колдоп, комплимент айткандары барбы?

- Интернетте аткарган ырларымды жактырып дайыма “лайк” баскан ырчылар Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Кубаныч Сатаев жана башкалар. Добуш, аваз, вокалды менден сезгендери үчүн жактырып атышат ко. Көптөгөн продюсерлерден иштешүү тууралуу сунуштар түшө баштады.

- Мурункудан бир топ арыктапсыз. Спорт менен машыгып жатасызбы?

- Ооба, спорт, качалка, диета. Ошондой эле уйку режимин да сактоодомун. Шоу-бизнеске барсам да өң түс, келбет керек да. Ошого кам көрүп жатам.

- Сизди айрымдар байлардын катарына кошот. Кандай бизнесиңиз бар?

- Кыймылсыз мүлк. Алмай-сатмай. Суукта көмүр ташытмай...

- Нурлан мырза, жаш кыздарды бат эле өзүңүзгө имерип алган жөндөмүңүзгө көптөр таң калат. Мунун сыры эмнеде?

- Харизмам, сымбаттуу кебете-кешпирим, ырчылык талантым, эч ындыным чөкпөгөн жизнерадостием любой кызга мотивация берип, жашоого шык берип келген. Башкысы, чыныгы эркекче эр жигитче жүргөндүгүм. Эми, келинчектүү болгон соң, каяктагы кыз?

- Канча баланын атасысыз? Келечекте канча балалуу болууну пландап жатасыз?

- Жооп бербей эле койойунчу. Жеке жашоомду жашыруун өздөштүрүп келатам.

- Саясаттан алыстап  багытыңызды  өзгөрткөндөйсүз...

- Саясаттан алыстай элекмин пока. Азыр дервиштик доор сүрүп турган кезим, каңгып. Тандоом керек, саясат же шоу дүйнөнү. Эл каягына добуш берсе, ошоякка оойм.

- Жубайыңыз ырчы Мотуевди көргүсү келеби же саясатчы болушуңузду каалайбы?

- Жубайыма менин ырчы же саясатчы болгонум эмес, аман-эсен жанында болгонум маанилүү.

- Сизди камай берип сындырып коюшкан жокпу, максаттарыңыз өзгөрүп калыптыр го...

- Сынсам, колония-поселение мөөнөтүм бүтөлегине карабай ушунтип Интернетке чыгалат белем? Мени эч ким сындыра албайт...

- Парламенттик шайлоо жакындап калды. Дагы бир ирет депутат болууга аракет кылып көрөсүзбү?

- Ушунча жыл эл мени колдоп түшүнбөгөн, эми баалай алышабы? Партияларын, түрдүү саясатчыларын, сексалюларын, коррупциячыларын, саясый алдаркөсөөлөрүн колдоп жүрө беришсин. Мендей таза кол, ак жүрөк, чынчыл саясатчыларды колдоого эл азыр даяр эмес.

- Акыркы мезгилде сөгүнгөн кыз- жигиттерди камакка ала башташты. Аларды камап тартипке салуу туурабы же камап, коркутуп  эсине келтире албайбызбы?

- Сөгүнүү, бокооздук тозоктун казынасынан. Бул дүйнөдө аларды ошентип тарбиялоо керек. Өздөрү тарбиялангылары келбесе.

- Дүйнө жүзүн бушайман кылган коронавирустан коргонуп, эрежелерди сактап жатасызбы?

- Албетте, баары эл катары бийлик айткан рекомендацияларды тыкыр аткаруудамын. Анүстүнө, бул оорудан коргонуу, айыгуу дубаларын да билем. Ошолорду да колдонуп,  болушунча сактанып  жатам.

Чынайым Кутманалиева