- Новосибирскийдеги мекендештерди мекенге алып келүүгө аракет кылбаганын айтып, өкмөттү сындасак, көбү жаман көрдү. 11-апрелдеги Новосибирск-Бишкек рейсинин болбой калышы да биз тараптан кеткенин айтканыбызда “пиар кылып, элдин башын айлантып жатасыңар”- дедиңер эле айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү!

Мына далил! Бир шылтооңор жок, мекендештерибизди чыгарууга РФ тарап даяр, эми кабыл алгыла! Жок дегенде сырттагы мекендештер менен түз баарлашып, акыбалын бир жолу сураганга жараган жоксуңар! Уят! Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев отставкага кетиши керек,- дейт “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов.