- Азимбек Анаркулович, жакында биздин бир жаран “Новости.kg” сайтына: Таиланддан учалбай жатам, биздин башында А.Бекназаров турган элчилик жардам бербей койду”- дегендей кыязда маек бериптир. Чынында кырдаал кандай? Кыргызстанга кете албай жүргөн биздин мекендештерибиз көппү? Алардын жагдайын сурап жатасыздарбы?

- Бир ай мурда, Кыргызстанда “ЧП” режими киргизилгенден кийин ошондой жарандарыбыз элчиликке кайрыла баштаган. Себеби Малайзияга, Индонезияга, Таиланд ж.б. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө келишкен жарандарыбызды Казахстандын самолеттору карантинге байланыштуу кайра артка кеткенде албай коюшкан. Алар негизинен Казахстандын “Астана эйр” компаниясы аркылуу Куала-Лумпурдан жана Таиланддан учушмак болчу. Кулуа-Лумпурда 8 адам, Таиландда 6 жарандарыбыз 21-23-март күндөрү жогоруда сөз болгон жагдайдан улам учуп кете албай, аэропортто калып кеткен соң бизге кайрылышкан. Биз алардын маселесин Бишкекке, эң жогорку денгээлде көтөрүп, биздин ТИМ Казахстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберип жатып, алардын маселесин кийинки рейсттерге чейин чечтик, аларды казактар Алматыга чейин ала кетишти. Алматыдан нары биздин бийлик атайын автобуста медиктердин көзөмөлүндө Бишкекке алып кетишти. Ушундай эле жол менен биз бардыгы болуп 83 жараныбызды (Малайзиядан, Таиланддан, Индонезиядан ж.б. өлкөлөрдөн) карантин башталган 20-марттан тарта Алматы, Москва аркылуу узаттык. Акыркылары кечээ 14-апрелде - 21 адам Таиланддан Усть-Каменогорскийге учуп кетишти, андан нары атайын автобустар менен Кыргызстанга биздин өкмөт алып кетет, шарт ушундай.

Кечээ Таиланддан өздөрүнүн каалоосу боюнча 10 жараныбыз учушкан жок. Ооба нааразы болгондор бар: “атайын самолет менен алып кетпейсиңерби? Бекер алып кетпейсиңерби?”- ж.б.у.с сөздөрдү айтышат. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, көпчүлүгү ынанат ага. Азыр кете албай жүргөндөр боюнча бизде маалымат жок, баарын учурдук...

Азимбек Бекназаров Куала-Лумпур аэропортунда уча албай калган мекендештери менен. 29.03.2020-ж

- Чынында эле, эмне үчүн аларды атайын самолет менен алып кетсе болбойт?

- Биринчиден алардын өздөрүнүн артка билеттери бар, бирок карантиндерге байланыштуу уча алышпай калган. Экинчиден алар бир күндө уча турган адамдар эмес. Үчүнчүдөн, алар бир мамлекеттен топтолгондор эмес, ар кайсы мамлекеттерде жүргөн мекендештерибиз болуп саналат.

- Нааразы болгондордун арасында: “Кыргыз бийлиги жардам бербей, Казахстандын бийлигине кайрылып учуп келдик”- дегендери да бар?

- Казахстандын бийлиги Кыргыз Өкмөтүнүн кайрылуусуна ылайык, бир туугандык кылышып биздин жарандарды ала кетишти, албай койсо да болот эле. Аларга чоң рахмат. Мен жогоруда айтпадымбы, казактар башында ошондой кылышкан. Бизден - элчиликтен тартып, биздин Республикалык штаб, ТИМ, өкмөтүбүз, керек болсо президенттин аппаратына чейин аралашты. Ошондон соң Казахстан жогорудагыдай шартта макул болуп, биздин жарандарды ала кете баштады. Өзүбүздүн борбордук бийликтин аракети болбосо, ошол Казахстандын бийлигинен “жардам” алгандарды көрөт элем. Албетте, мен аларды туура түшүнөм, бирок алар да бизди туура түшүнүш керек. Бир айдан бери биздеги консул Арсен Тулегенов күнү-түнү ушуларды учуруу үчүн - телефону койнунда, уйку бетин көрбөй иштеп жатты. Бүгүн гана “өх, Усть-Каменогорскийге аман-эсен жетишти”- деп кенен эс алды окшойт. Ал бир айдан бери ушуларды тактап, жооп берип жүрөт.

- Сиздер тейлеген өлкөлөрдөн кыргызстандыктардын баары чыгыштыбы?

- Жок, “карантин бүткөнчө тура турайын” деген ондогон мекендештерибиз Малайзиянын өзүндө эле бар, алар менен байланышып жатабыз. Арасында студенттер да бар.

- Сиздин элчи болуп барганыңызга эки ай болуптур, Королго ишеним баракты тапшырдыңызбы? Эмне иштерди жасап жатасыз?

- Короновирус тумоосуна байланыштуу Малайзияда да биздикиндей карантин, дистанциялык башкаруу, дээрлик иштер токтогон, бирок биздикиндей көчөмө-көчө пост жок. Коомдук автобус, метро жүрүп жатат. Король мени кабыл ала элек. Кылган иштерибиз боюнча ТИМге отчет берип турабыз. Короновируска байланыштуу Малайзиянын тажрыйбаларын Кыргыз эли пайдалансын деп, биринчилерден болуп элчилик “Сактаганды кудай сактайт” деген кайрылуу жолдогонбуз. Жогоруда айтылгандай, башкаларга учкашсак да мекендештерибизди жөнөтүп алдык. Калгандарыбыз аман сообуз...

Сүрөттө: Элчи Азимбек Бекназаров карантинге байланыштуу уча албай калган мекендештери менен. Куала-Лумпур аба дарбазасы. 29-март 2020-ж

Коронавирустук инфекциянын дүйнөдө жана өлкө ичинде жайылышы боюнча оперативдүү маалыматтар биздин телеграм-каналда: https://t.me/sayasatkg