Журналист Турат Бектенов: “спикердин оозуна алы келбей калды. Кетип калсаңыз - Кыргыз мамлекетинин мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошкон болоор элеңиз”,- деп “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

- Өмүрбек Текебаев 2006-жылы “Президент уят болду, президент ит болду, эркек болсо асынып өлүп алсын!”- деген сөзү үчүн спикерлик кызматын өткөрүп берген. “Бакиевдин күнөөсү чоң болуп турса да парламенттин трибунасынан мындай сөздү айтпашым керек эле, айткандан кийин кызматтан кетейин”- деген.

Азыркы спикер оозуна алы келбей калды, сөз сүйлөсө эле туура эмес сүйлөп, элге күлкү болот. Орусчаны кой, кыргызча жөндөп сүйлөй албайт. Дастан Жумабеков эң эле сабатсыз спикер катары тарыхта калмай болду. Сабатсыздыгын сөгүнчөөк кыздардан бери айтып атышат. 

Уят болуп бүттү, бирок, кызматтан кетейин деген ою жок.

Кыргыздар "буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт" дейт, сөздөн эмес, аттан да жыгылып, уят болдуңуз спикер мырза! Кетиңиз эми, бовой калды...

Кетип калсаңыз - Кыргыз мамлекетинин мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошкон болоор элеңиз,- деп жазды Турат Бектенов.