Элибиз биримдиктин үлгүсүн кɵргɵзүп, коронавирус апаатына каршы ийгиликтүү күрɵш уланууда, БИРОК…

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн дээрлик 30 жылга чукул мезгилинде бул убакытка чейин толук кандуу үч президент башкарып келишип, (бир жарым жыл башкарган Отунбаеваны эсептебегенде) азыр алар эл арасында “мурдагы президент” деген атты алып жүрүшүүдɵ.

Алар Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев. Бул үчɵɵнүн экɵɵ башка ɵлкɵлɵрдɵ баш калкалап, бирɵɵ Кыргызстанда камалып жатат. Булар убагында эбегейсиз бийликке ээ болуп, Кыргызстандын жерлерин, кендерин жана башка байлыктарын онду-солду сатып, мамлекеттин ишине бир туугандарын, балдарын, жан сакчыларын, айдоочуларын аралаштырып, болуп кɵрбɵгɵндɵй эле сайраңдашты.

Эми дүйнɵнү каптаган коронавирустун аркасы менен башка элдердей эле жалпы Ала-Тоолук элибиз кыйынчылыкка кептелип, башына каран түн түшүп турган учуру. Мына ушундай оор күндɵрдɵ мурда мамлекет башында турган жогоруда аты аталган үч берен үн кошуп, элибиздин алын сурап, кɵңүл айтып, колдон келген жардамдарын кɵрсɵтүп койсо, алар тараптан адамгерчиликтүү кадам болоор эле.

Мындай кылышса, эзелтеден кечиримдүү элибиздин кɵңүлү жибип, ичинен канагааттанып, жүрɵктɵрү аз да болсо ыраазы болуп калат болчу. Бирок мурда мамлекетти башкарган бул үчɵɵ мындай чечкиндүү кадамга бара алышпады. Адатта “МЕН АКМЫН, МЕН ТАЗАМЫН” деген үчɵɵ жок дегенде элибизге кайрылып, кɵңүл жубаткан жылуу сɵздɵрүн да айтып койгонго жарабады. Алар элибиздин башына ушундай азап түшүп турганда, “банктарга салып койгон, офшордук зоналарга каткан акчалардан” кайтарып берип койсо, ɵз кылмыштуу аракеттерин аз болсо да адалдаган болот эле? Бул үчɵɵ ушуну да жасай алышпады...

Мына ушундай дүйнɵлүк апааттан улам алардын чыныгы жүздɵрү эми чындап билинди. Алар “элим” деген элин ойлобосун, арам оокатка семиргенин, элдин канын соргонун, элибиздин ата-бабалардан калган жерин, кенин сатканын, далай жарандардын убалына калган чыныгы кайдыгер лидерлер экендигин эми дагы бир ирээт далилдеп жатышат.

Буларга кошумча, бул апаатка карата эч сɵз айтпай, тымпыйып унчукпай келген ОТУЗГА чукул мурдагы премьерлер тууралуу да ушундай эле сɵздɵрдү айткыбыз келет. Алар да дээрлик отуз жылга жакын тигил үчɵɵнүн кирпиги менен тең айланып, айткан кɵрсɵтмɵлɵрүн так аткарып жүргɵндɵрүн жалпы эл жакшы билет.

Бирок кыргыз элинин, Кыргызстандык жарандардын кɵрсɵткɵн патриоттук жардамы менен миллиондогон каражаттар чогулуп, каржалган катмарга чоң жардам кɵрсɵтүлүп, элибиз биримдиктин үлгүсүн кɵргɵзүп, бул апаатка каршы ийгиликтүү күрɵш уланууда.

Биздин бекем ишенимибизде, эркиндикти, акыйкатты сүйгɵн кыргыз эли, мекенибизде жашаган башка улуттар менен биргеликте бул кыйынчылыктан чыгып кетүүгɵ зор үмүтүбүз бар.

Кылымдарды карыткан улуу кыргыз эли мындан да оор кыйынчылыктарды башынан ɵткɵрүп, улуу жеңиштерге жетип, ɵз эркиндигине жана эгемендүүлүгүнɵ жете алган эл экендигибизди унутпашыбыз керек.

Турсунбек Акун,

“Келечекке Жол” Элдик Кеңешинин тɵрагасы

.