Анын айтымында, шалаакылыктан улам өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуду. Италияны мисал келтирген депутат Кыргызстанда коронавирус жуктурган ар бир бешинчи бейтап дарыгер экенин да белгиледи.

«Дарыгер биринчиден өзүнө оору жуктуруп, андан кийин мамлекетке да зыян алып келип жатат да. Ал оорулууларды дарылай албай калды. Бизде коронавирустан дагы шалаакылык коркунучтуу.

Космосбек Чолпонбаевдин ишин аскер прокуратурасына берели. Ошондо жаңы министр, орун басарлары да чуркап иштейт», - деп сунуштады депутат.

Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо министри кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун 1-апрелдеги буйругу менен бошотулган.

Булак: Баракелде