Ал премьер-министрге кайрылганы менен эч кандай жыйынтык чыкпагандыгына байланыштуу мамлекет башчысынан жардам сураганга мажбур болгонун билдирди.

“Биздин атуулдарыбыз негизинен үч чоң шаарларда: Москавада, Новосибирскте, Стамбулда жана Россия менен Казакстандын ортосундагы автомобиль трассасында 1000ге жакын адам күтүп жатат. Бул атуулдарыбыз өлкөсүнө акча жөнөтүшүп эмгектенгенге гана же болбосо шайлоо болгондо гана керек болбостон, мамлекеттин жараны катары сиздин, биздин, баарыбыздын бир тууганыбыз катары каралышы керек! Урматтуу президент, бир тууган жарандарыбыз талаада калып кетти, жардам кылыңыз. Сизден үмүт кылышат жана күтүшөт”, – деди Ташиев.

Кыргызстандын тышки иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев учурда башка өлкөлөр аба мейкиндигин жапкандыктан, мекендештерди  Кыргызстанга кайтарып келүү кыйынчылык жаратып жатканын билдирген.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мекенине кайтууга жардам сурап жаткан мигранттарды коронавирустун курч  мезгили өтүп кеткенче өлкөгө келбей, карантинде туруп турууга чакырган.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө Кыргызстандын жарандары бар. Чет жакта 23 КР жараны коронавируска кабылганы белгилүү.

Булак: jebe.media