Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат буга чейин бир катар жолу ата мекендик ТИМдин кызматкерлерин орой сөккөн, бирок, министр баш болуп ага каршы бир ооз сүйлөй алышкан эмес. КРнын Дипломатиялык академиясынын экс-проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевди бул жагдайга айраң-таң.
- Горький - Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Beta Stores имаратын талкуулоо боюнча министрдин орун басары менен өткөн жолугушууда (кайсы орун басары экенин айтпай эле коёюн) элчиси колундагы папкасын аны көздөй ыргытып, англисче сөгүп туруп баса берген, - деп айтып берди Осмоналиев.
Юристтин айтымында конференциялардын биринде Женгиз Камиль Фырат өлкөнүн тышкы саясатын тескеген мекеменин кызматкерлерин бекерпоздор деген.
- Марттын аягында болсо ал министр жана башка бир нече адам менен жолугат, - деп сөзүн улантты Дипакадемиянын мурдагы проректору. – Жыйынтыкта элчи Чыңгыз Айдарбековду Beta Stores боюнча жардам бербейсиңер деп аракетсиздикке айыптап аны да тилдеген. Муну бардыгы уккан. Мындай жолугушууларда видеофиксация да болушу керек, анын үстүнө. Министр кайра эле унчукпай туруп берген.
Кайрат Осмоналиев бул окуялардын чындыгын министрликтин учурдагы кызматкери менен мекемеде иштеп кеткен эки адам ырастап бергенин белгилейт.
«Алар абдан ишенимдү булактар», - дейт ал.
Дипломатиялык академиянын мурдагы проректору Женгиз Камил Фыратты эчак эле ордуна отургузуп коюш керек эле деп эсептейт. Дароо эле «нон грат персонасы» деп жарыялап жиберүү деле керек эмес. Бирок, айткан сөздөрү боюнча аккредитациясын жокко чыгарып, расмий кат жөнөтүүлөрдүн тизмесинен чыгарып, дипломатиялык автомобилдик номерин узартпай коюну Осмоналиев сунуштайт.
- Мындан сырткары, Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуга түздөн түз эле кайрылса болот. -Мейли өнүккөн өлкөдөн болсун бир бети жок бизге келип, ушинтип кыйын болуп жатканына жаран катары менин ичим ачышат. ТИМ болсо дайыма эле унчукпай кутулгандын аракетин көрөт. Коркушабы же мындай тажрыйбаны билишпейби - белгисиз.
Эске салсак, Түркиянын элчиси 2019-жылы май айында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ифтардан көз көрүнөө чыгып кетип, коомдук жаңжал чыгарган. Ал «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын да иш-чарага чакырылганына ачуусу келген.
«Рамазан айында террористти чакырыпсыңар, бул эмне деген муфтият? Мен силерге 35 млнго мечит куруп бердим, силер болсо мени террорист менен бир жерге отургузасыңар. Эмнеге силер ФЕТОнун башчысын бул жакка чакырасыңар? Же Түркияны же террористттерди тандагыла», — деп кыйкырган анда Женгиз Камиль Фырат.
2019-жылдын июнь айында Түркиянын элчиси Чүй облусунун Орок айылында орун алган жаңжалга барып алган. Ал кийин түрк элчилигинде иштеген кызматкер аялды алып кеткени үчүн эле барганын түшүндүргөн, бирок, ТИМ ага өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө суранычы менен нота тапшырган.
2020-жылдын январында Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Женгиз Камил Фыратка каршы берген арызын карап жатканы белгилүү болгон. Аскар Айтматов Фетхуллах Гюлендин (Фето) террористтик уюмуна катышы бар деп айыптаганы үчүн эл алдында кечирим суроону талап кылган.
- Эки өлкөнүн ортосундагы ынтымак мамилени чыңдоонун ордуна Түркиянын элчиси чыр чыгарып жүрөт, - деп баш чайкады Кайрат Осмоналиев.
Булак: Вести