- Шаирбек мырза, дарыгерлерге жуккан коронавирусту  кызматтан кеткен штабдын жетекчисин Алтынай Өмүрбековага шылтаганыбыз туурабы?

- Дарыгерлерге жуккан илдеттин күнөөсүн акыры келип, Өкмөттүн курамындагы жалгыз түзүк чиновник-аял – экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбековага жүктөп койгону адилетсиздик болуп калды. Ооба, түзүлгөн абалга коомчулук штабды күнөөлөп жатты, бирок негизги нааразычылык Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дарегине айтылып келген. Себеби, дары-дармек бизнесинен эле парашют менен түшүп министр болуп калган адамдан кантип жыйынтык күтсө болот? Ошондуктан, бул абалга өкмөт башчыны гана күнөөлөш керек. Анан дагы, бул маселеде көпчүлүгү көңүл бөлбөй келген, күнөөсү көп аткаминер бар. Ал - Каржы министри Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна деген айым. Бул айым чындыгында тагдырдын эркеси – Роза Отунбаеванын “подружскасы” катары, дайыма “майлуу” кызматтарда гана жүрөт. Ал эми өзү болсо, позициясы жок, дайыма эт менен челдин ортосунда жүргөн чиновник. Неге бул министр бул ирет да көмүскөдө калып калды? Каржы маселеси бүгүнкү күнгө чейин толук чечилбей келет. А дарыгерлер өз каражатына керектүү медициналык заттарды сатып алып жатышат. Кечээ гана, араңдан гана 1 млн 400 миң сом которушту. Ал деген сөз ар бир дарыгерге 10 миң сомго жетпеген кошумча төлөм болуп калды. Келгиле сурап көрөлү – премьер-министр баш болуп, Саламаттыкты сактоо министри жана Каржы министри төш болуп, 10 миң сом үчүн жеке керт башын, ден-соолугун, а түгүл өз өмүрүн тобокелге салышат бекен? Ал эми ооз көбүртүп убада кылышкан 40-60 миң маяна берилет дегендери, азырынча куру сөз боюнча калууда.

Ошондуктан, өткөн жылдын 26-январында уюштурулган республикалык Штабдын шалаакылыгына Өмүрбекова эмес, өкмөт башы Абылгазиев күнөөлүү. Өз учурунда  Штабдын ишин көзөмөлгө алган эмес, каржы бөлдүрүп, камсыздаган эмес. Пандемия былтыр декабрда эле башталган, ал эми премьер-министр болсо “биз баарына даярбыз” деп, бүт элге бал эмизип келди. Мындай шалаакы өкмөттү эбак эле отставкага кубалабаган “чөнтөк” парламент да жоопкер! Манас жана Ош эл аралык аба-бекеттериндеги карантиндик посттордун жетекчилери, чек ара кызматынын жетекчилери, умрага баргандар эмес, кулактандырууну угуп, абалды билип туруп, ошого карабастан акча табуу үчүн ошол зыяратты уюштургандар күнөөлүү.

А бүгүн болсо, катардагы дарыгерлерди күнөөлүү деген чиновниктер өздөрү жоопкерчиликтен качкан, колунан иш келбеген шалаакылар.

- Шалаакылыкка жол беришкени үчүн Алтынай Өмүрбекова менен мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди “иштен алуу эле жетишсиз. Аларды жоопко тартыш керек” деген да пикирлер арбын. Бул  маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Космосбек Чолпонбаевди анык жоопко тартуу керек! Ал эми Өмүрбекованы неге жоопко тартуу керек? Ал эмне, дарыгерби? Же чек арада туруп, текшериш керек беле? Карантиндик посттордогу дарыгерлердин иши боюнча Чолпонбаев жоопкер, ал эми катуу тартип орното албаган органдар биринчи вице-премьерге баш ийишет. Ал эми УКМК болсо президентке баш ийет. Анда кантип мунун баарына социалдык блокко жооптуу вице жоопко тартылуусу керек? Албетте, Өмүрбекова таптакыр эле кынтыксыз дегенден алысмын. Себеби, Саламаттыкты сактоо тармагы анын түздөн-түз жоопкерчилиги. Бирок, азыркы системадагы кемчилик - тийиштүү министрликтердин ишине вице-премьер жоопкер болгону менен, иштей албаган министрди кызматтан алуу укугуна ээ эмес. Андай шалаакыларды керек болсо премьер-министр да ала албайт. Себеби, портфелдер парламенттик фракциялардын “энчиси” болуп калган. Мына мисал – ошондой тажрыйбалуу Өмүрбекованын ордуна келген Аида Исмаилова. Резюмесин карасаңыз, вице-премьер эмес, мектептин директорлугуна жарабаган адам келип олтурат. Болгону котормочу агенттигин жетектеген, а кийин ал дагы Чолпонбаевдей болуп, дары-дармек бизнесине тийешеси бар адам, минтип өтө татаал мезгилде жооптуу кызматка дайындалды. Ошол күндөн бери, ал айымдын үнү эмес, жыты да жок.

- Мамлекетте ушундай жагдайды жаратып, коронавирусту алдын албаганы үчүн  премьер-министр да кызматтан кетиши керек беле?

- Сөзсүз түрдө! Башмыйзамдын 5-бөлүмүнун 85-беренесинде көрсөтүлгөн ирээтте, парламент эбак өкмөткө импичмент жарыялап, отставкага кетириши керек эле. Бирок, “чөнтөк” парламент мындай кадамга бара албайт. Саналуу депутаттардан башкасы, өз кызыкчылыгын гана көздөп, элге бир да пайдасы жок, бийликке кошомат калгандан башка нерсени билбеген сабатсыздар.

Албетте, 86-беренеде өкмөт башчысы өзү билип эле, өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү сурана турган норма бар. Бирок, биздин премьердин андай нерсеге аң-сезими, саясий эрки жете турганына менде чоң күмөн бар. Мындай норма, биздин мансапкор чиновниктердин заманында, жакынкы 50 жылда да ишке кирбесе керек.

- Президент тапшырма берип койсо эле маселенин баары чечилип калабы  же  тапшырмага да көзөмөл керекпи?

- “Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы”. Мындай шалаакы өкмөткө 10 миң камчы урса да, ордунан козголбойт окшойт. Өкмөт башчы парламенттин жыйынында өткөн жумада камырабай эле, “иштеп жатабыз!” деп айтты. Бет деле бетон эле болуп калыптыр. Өлкөдө түзүлгөн абалды көрүп туруп, президент деле, “кой, Мукан, болбой калды абал, колуңдан келбеди, кызматтан кетип эле калчы?” деп койсо неге болбойт эле? 2 жылдан бери эчтекеге жарабаган өкмөттү неге кармап олтурат, такыр түшүнө албай жатам.

- Иш учурунда опурталдуу вирусту жугузуп  алган дарыгерлерге компенсация төлөнүшү керекпи же көптүн бириндей эле мамиле кылынышы керекпи?

- Эмне үчүн бирдей болуш керек? Сиз да, мен да үйдө, коопсуздукта олтурабыз жан сактап, бийликти сындап. Ал эми дарыгерлер болсо, өздөрүнүн өмүрлөрүн тобокелге салып, алдыңкы сапта күрөшүп жатышат. Башка өлкөлөрдө дарыгерлерге ири компенсация бергенден сырткары, жалпы коомчулук күн сайын кол чаап, флеш-моб уюштурушуп, алар үчүн балкондордон ырдап, колдоп жатышат. А бизде, дарыгерлер тамагы ал тургай  маскасы жок иштеп жатышат. 

Биз бүгүн жана мындан ары, эң биринчи – дарыгерлерди коргошубуз керек. Аларды камсыздай албасак, анда бүт элдин саламаттыгы коркунучта!

- Президентте чоң уюмдардан жардам сурабай эле кырдаалдан чыгып кете ала турган жол барбы?

- Президент жардам сурагандан көрө, импотент өкмөттү кетирип, колунан иш келген адамдарды тез арада кызматка койсо аздан болсо да маселе чечилмек. Чөнтөк парламент “лаппай” деп, бир күндө эле колдоп бермек. Бар каражатты үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Учурда мамлекеттик аппарат өтө эле көп каржы коротуп жатат. Үнөмдөгөндүн ордуна, кайра-кайра эле карыз ала бергенде, “анын баарын ким төлөйт?”- деген маселе бар. Айтайын дегеним, президент сылык сүйлөп, мөөнөт бүткөндө кетип калат. Ал эми олчойгон карыздар өлкөнүн моюнунда кала берет. Ошон үчүн социалдык төлөмдөрдөн башкасын, кескин түрдө азайтып (оптималдаштырып), болгон каражат менен илдетке каршы турууга аракет кылса болот да.  Алынган карыздар пайда алып келүүчү экономикалык долбоорлорго гана коротулса мамлекетте өсүш болот эле. Бюджеттин таңсыктыгы - туш келген мекеменин (чиновниктин) кызыкчылыгын көздөп чоңойто бергендиктен келип чыгууда.  Иттин өлүгү ошол жакта жатат. Коррупция менен уурулукту  го айтпай эле коёюн. Себеби ал бүт элге маалым. Ошол жагын да эпке келтириңиз. Баса, кырдаалды жөнгө салам  десе  БорШайкомдун төрайымы Шайлдабекованы алмаштырышы керек. Эгер ал БШКнын башында турса, кийинки шайлоо өтө ыплас өтөт. Эл ал аялга такыр ишенбейт...

- 7- апрелди айрымдар “тарыхый күн” десе, кээ бир адамдар “кан менен бир ууч саясатчы гана бийликке жеткен күн” катары сыпатташат. Сиз үчүн 7-апрель кандай күн?

- Бул күн жөнүндө, мына 10 жылдын жүзү болсо да, талаш бүтпөй келе жатат. А эмне үчүн? Себеби, ал күнү орун алган окуялар туурасында коомчулук бир пикирде эмес. Бир тарабы бул революция күнү деп аташса, калгандары бул күнү куралдуу төңкөрүш болгон деп мүнөздөп келишет.

Менин жеке пикиримде, бул күн – элибиздин башына түшкөн трагедия күнү. Согуш болуп жатканда да, бир күндө жүзгө жакын кыргызстандык жарандар набыт болбосо керек. Бул күн – элибизден ынтымак кетип, эки жаат болуп бөлүнө баштаган күн деп билем. Бир ууч саясатчылар, бийликке жана мансапка жетүү үчүн өз элин курмандыкка чалган күн. Бул күн – ушунча кылым акылмандык менен жашап келген кыргыз эли саясий шылуундарга алданган күн. Мен албетте, 7-апрель күнү курман болгондордун арбагына шек келтиргим келбейт, бирок алардын төгүлгөн каны текке кеткени жалганбы? Аларды куру ураандар менен азгырып, алды жагынан Ак үйдү коргогон күч органдары атып, арт жагынан белгисиз куралчандарга аттыргандар бүгүнкү күнгө чейин жазаланбай келет. Акыркы жылдары, ошол курман болгондордун жакындары деле көздөрү жете баштады, канкор саясатчыларга жем болушкан экенин билип калышты. Карапайым элде күнөө жок, бирок мындан ары, өлкөнү бөлгөн саясатчылардын жаккан отуна отун болбошубуз керек.

 Эгерде, ошол кандуу окуялардан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн чыныгы максаттары элдин жашоосун жакшыртуу, өлкөбүздү өнүктүрүү болсо, адамдар канга боелуп, кырылып жатса, өздөрү көз көрүнөө банктардагы ячейкаларды карактамак беле? Ушундай эле бакиевчилерди жазалагысы келсе, анда алардан ири суммадагы акча алып туруп, өлкөдөн чыгарып жибермек беле? Кана бийик сөздөр? Кана саясий принциптер? Кана бул “временщиктердин” Кыргызстанды гүлдөтүп жибергени? Ошол күндөн баштап, трайбалисттик саясат күчөп, бүгүнкү күнгө чейин, элибиз толук ынтымакка келе элек.

Буюрса, 7-апрель окуяларына толук укуктук жана тарыхый баа бери турган күн да келээр. Ошондо гана кылмышкерлердин беткаптары толук сыйрылып, тирүүсү тирүүлөй, көзү өткөнү маркум иретинде жазаларын сөзсүз алышат!

Чынайым Кутманалиева

Коронавирустук инфекциянын дүйнөдө жана өлкө ичинде жайылышы боюнча оперативдүү маалыматтар биздин телеграм-каналда: https://t.me/sayasatkg