«Кыргызстандын ардактуу консулунун кармалышы боюнча Непалдын өкмөтүнөн кыргыз тарапка расмий билдирүү келе элек. Бул маселе элчиликтин жана министрликтин көзөмөлүндө турат. Жаңы маалыматтар келгенде кошумча билдирүү берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Сунил Агарвал – курамына болот, цемент, полипропилен каптарын ж.б. чыгаруу менен алектенген 50гө жакын ири компаниялар кирген Непалдагы «Шанкер групп» уюмунун төрага орун басары.

Айрым жергиликтүү басылмалар билдиргендей,  Агарвал дене табын өлчөөчү тепловизорлордун ар бирин 15 000 рупийден сатууга далаалат кылган. Ошол эле учурда анын базардык баасы 3500 рупий экендиги айтылат.

Булак: Элгезит