Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде АКИpress агенттигине Исаков өзү билдирди.

Анын айтымында, ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

«Арыз жаздым, кечээ премьер-министр кол койду. Келечекте мага сунушталган бардык кызматта иштеп, тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын», - деди ал.

Төлө Исаков ушул жылдын 29-январында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган болчу.

Булак: Баракелде