2020-жылдын 1-январынан тарта «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүү күчүнө кирди. Мыйзамдын 4-1-пунктуна ылайык депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын мандаты тизмедеги кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

1) Аял депутаттын ыйгарым укуктары токтотулса, ордуна аял талапкер келет.

2) Эркек депутаттын ыйгарым укуктары токтотулса, ордуна эркек талапкер келет.

БШКнын маалыматы боюнча, мыйзамдын чегинде аталган мандат аял кишиге берилиши керек.

«Республика—Ата Журт» фракциясынын тизмесинде кийинки талапкер — Айгерим Кабылбековна Бешимбаева.

Булак: Баракелде