Экс-депутат бардык бийликти колуна алып, бирок иш жүргүзө албай жатат деп президенттин аппаратын айыптады. Ал буга мисал катары коронавируска каршы күрөшүүдөгү чараларды мисалга келтирди.
“Президенттин айланасындагылар мага капа болбогула. Айылдагы аялдардын шеринеси да айына бир эле жолу өтөт. Коопсуздук кеңеши кайра-кайра өткөргүдөй силерге шеринеби? Беш жолу өткөргөн коопсуздук кеңешин көрдүк. 144 адамга коронавирус жукту. Кирип-чыккан эки эле жерибиз бар, ошол жерди тосо албасаңар эмне кылып отурдуңар? Алыңар жеткени бир аял, аны дагы Бабановдун рейтинги өсүп кетпесин деп иштен алып, ордуна ага каршыны коюп койдуңар. Силер президентке “сизди тоготпой атат” деп айтып жатасыңар да. Тоготпогондон эмес президенттин администрациясынын айынан ушундай болуп атат. Баары силердин оозуңарды карап турат, себеби силер бийликти тартып алгансыңар. Андан көрө президентке айтпайсыңарбы “сиз өкмөт эмессиз, өкмөттүн ишин Абылгазиев кылат, парламенттин ишин депутаттар кылат” деп. Сиз кыла турган иш адилеттүүлүктү орнотуу. Өзүңөр кылбайсыңар же өкмөткө бербейсиңар. Эл иштебейт десе, өкмөттү тепкилеп коесуңар”, — деди Калмаматов.
Калмаматов бийликке сын айткан саясатчыларды фейк-аккаунттар менен каралатып жатат деп президенттин аппаратын даны бир сындады. Азырынча президенттин аппараты экс-депутаттын айтканына жооп бере элек.
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов жогорудагы пикирлерин блогер Азирет Осмонов менен социалдык тармактардагы түз эфирде билдирген.
Булак: Элгезит