Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады.
Жактоочунун айтымында, Исаковдун №1 абакка которулганын туура эмес.
“Тергөө абагына мени киргизбей коюшту. Бул көрүнүш мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет. Учурда Сапар Исаковдун дагы эки иш боюнча соту өтүп жатат, андыктан аны абакка которуу туура эмес”, — дейт Токтакунов.
Жактоочу Исаковго басым жасоо үчүн абакка которуп жатышат деп бийликти айыптады.
Азырынча мамлекеттик органдар расмий билдирүү тарата элек.
Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу башка соттолгондор дагы тергөө абагына которулдубу же жокпу азырынча белгисиз.
Булак: Элгезит