Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна шилтеме кылып ата мекендик ЖМКлар маалымдады».

«Дарыгерлер өз өмүрүн тобокелдикке салып, биздин жарандарыбызды сакташууда, - деп жазылат фонддун билдирүүсүндө. - Роза Исаковна пенсиясынан каражат которуп дарыгерлерге колдоо көрсөтүүнү чечти. Ошондой эле экс-президент өзүнүн кадыр-баркын колдонуп, Кыргызстанга экспресс-тесттерди алып келүү боюнча башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок, тилекке каршы авиакаттамдар токтоп каллгандыгына байланыштуу бул маселе чечилбей калды».

Ошондой эле, фонддун башка пенсия курагындагы кызматкерлери дагы бир айлык пенсиясын дарыгерлерди колдоо үчүн которушанын кошумчалашты.

Булак: vesti.kg