- Улукбек мырза, кырдаал кыйындаган мезгилде өкмөт кадр алмашууга аргасыз болду. Бирок, кадр тандоодо квотага басым койгону туура эле болдубу же калпыстыкка жол бериштиби?

- Тилекке каршы, кырдаалдын кыйын учурунда дагы адискөйлөргө басым коюлбай, квота маселеси эске алынды. Бул нерсе биздин өкмөт башчынын эч кандай антикризистик программасынын жоктугун дагы бир жолу тастыктады. Айта берсе сөз көп. Бирок,  кырдаалды жөнгө салуу үчүн премьер-министр күтүүсүз отставкага кетиши керек, кетпесе болбой турган жагдай жарала баштады.

- Президент сынга алгандай коронавирус менен күрөшүүдө шалаакылыкка жол бериштиби  же өкмөт мүчөлөрү кайдыгер болуп койдубу?

- Чынында коронавирусту экономикаға зыяны жок жеңип кетсек болмок, эми жеңе албайбыз. Анткени, баары өкмөттүн шалаакылыгынан  болду. Эми отставкага кеткен Саламаттыкты сактоо министрин, премьер-министрди сөзсүз жоопко тартыш керек. Президент ушундай кадамга барбаса, эртең өзүнүн абалы оорлоп, өтө кыйын болот.

- Бирок, президенттин аларды жоопко тартканга эрки жетеби?

- Жоопко тартканга күчү жетпесе, анда ал жакта эмне жүгөрү кайтарып отурабы? Кыскасы, “коронавируска башым менен жооп берем” деген министрге премьер-министрди кошуп, шалаакылык беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жоопко тартыш керек. Анткени,  бул министр январда эле Жогорку Кеңешке келип чек араны жабууну талап кылыш керек болчу. Эми башы менен жооп бере берсин, жооп бере турган башы болсо.

- Кыйын кырдаалда ким Саламаттыкты сактоо министри болуп мыкты иштей алмак?

- Азыр Саламаттыкты сактоо тармагына ким министр болуп келген күндө дагы (бул орунга Сабыржан Абдыкеримовдун талапкерлиги жактырылды – редактор) акыбал өтө оор. Бирок, коронавирус менен  күрөшүш керек. Ошон үчүн жагдайды өтө жакшы түшүнгөн принципиалдуу адам келиши керек.

Чынайым Кутманалиева