Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча парламенттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына жактырды.
Мындан сырткары, депутаттар саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылыгына Сабиржан Абдикаримовду дагы жактырышты. Буга чейин ал Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болчу.
Эске салсак, бүгүн президент вице-премьер-министрликтен Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтарынан алды.
Источник: vesti.kg