Бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынгандыгын КР Президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында бошогон орундарга талапкерлерди жылдыруу маселеси бүгүн карала тургандыгын ЖК төрагасы Д.Жумабеков парламент олтурумунда билдирди.
Эске салсак, кечээ ажо Саламаттыкты сактоо министрине коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду өз убагында аныкташпагандыгы үчүн сындаган: “Январь айында “бардык лабораториялар даяр” деп айтып жаткансыз. Иш жүзүндө сиз айткандай болбой чыкты. Тесттен өткөрүү боюнча реагенттер жетишсиз экен. Министрлик өз убагында ыкчам аракеттерди көрүшү керек болчу. Аны кылбаптырсыңар!”.