Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта парламенттин пресс-кызматы билдирди.
2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп Самат Ибраев иштеп келген, Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулган.
Анын ордуна Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеӊештин төрагасынын буйругу менен дайындалган.
Буга чейин А.Сабырбеков Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеӊешчиси болгон.