Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине өлкө аймагында киргизилген өзгөчө абал мезгилинде кызматкерлерин үйдөн иштөөгө кое берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штабдын телеграмм-аккаунтунда жарыяланды.
Кызматкерлер коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берилиши керектигин белгиленди.
Булак: vesti.kg