Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук угуу жылдырылды. Бул иш боюнча 14 адам айыпталып жатат, алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар.
Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, А.Атамбаев өзүн жаман сезгендиктен отурум жылдырылды.
«Түштөн кийин ал бир аз ооруп, кан басымы түшүп кетти. Ал процесске катыша алган жок», - деди жактоочу.
Ошондой эле ал судья Марат Сыдыков отурумду 30-мартка жылдырганын кошумчалады.
Булак: Баракелде