Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи, мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо процесси жылдырылды. Жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, Алексей Модин менен Леонид Маевкийдин көрсөтмөсү боюнча Россиядан жооп келбегенине байланыштуу отурум жылдырылган.

Кийинки отурум 6-апрелде болот. Айыптоочунун версиясы боюнча, 2010-жылдын 13-майында Чотонов россиялык ишкер Леонид Маевский менен «Альфа Телеком» компаниясынын көзөмөлдөөчү пакет акциясынын суммасын сүйлөшүү үчүн «Супара» ресторанында жолугушкан.

Ошол эле күнү Чотонов, Маевский, Алексей Модин менен Таалайбек Маматкеримов Жогорку Кеӊештин имаратында Текебаев менен жолугушуп, көзөмөлдөөчү пакет акциясын сатып алуу үчүн пара беришкен.
2019-жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту

Булак: Баракелде