Эмилбек Каптагаевди кимдер гана билбейт?! Оозу менен орок оргондон башка кыргыз элине кымындай дагы пайда алып келген эмес. Бирок, ошол эле маалда, кыргыз эли үчүн башын тобокелчиликке салып жүргөн чыныгы мекенчил эл уулдарына көр казуу жагынан мындан ашкан уста жок экенин ачык айтып коюушубуз керек. Мунун таасын мисалы – Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары өз учурунда – парламенттик шайлоону жеңип келип, популярдуулугу артып бараткан “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибековдорду саясий аренадан жок кылуу боюнча түзгөн пландардын демилгечилеринин бири болгон. “Кумтөр” боюнча чындыкты айтып чыккан эл депутаттары К.Ташиев, С.Жапаровду митингде провокация жасашып, түрмөгө олтургузушту. Чындык жеңип, бул элдик саясатчылар көп өтпөй боштондук алышкан. Ошондо да Э.Каптагаев жөн жатпай, Караколдо нааразычылыкка чыккан элдин алдына бара коюп, машиненин ичинде анын актвисттери менен сүйлөшүп олтурганын – “мени уурдап кетишти”- деп, арыз жазып, акырында мунун анабашында Садыр Жапаров турганын айтып, акыры каматты. Кийин ал сотто өзүнүн берген арызын кайтарып алды. Бирок, буга Каптагаевди саясий абалдын өзгөрүшү түрттү – себеби, ал буга чейин кызмат кылып келген Алмазбек Атамбаев бийликтен кетип, айыбы чыга баштаган. Каптагаев АШАны өмүр бою бийликте турат деп ойлоп жүрсө керек, качан гана АША ал күчтөн тайа баштаганда кошоматчылык кылып, жаңы Сооронбай Жээнбековдун бийлигине жабыша калды. Бүгүнкү бийликке кошоматтанып олтуруп, кызматка да жетти...

Бүгүн да ал бузукулук ишин улантууда. Өз демилгеси менен коронавирустан жапа чегип турган Сузак районунун тургундарына 20 мин даана маска жана нан таркатып жүргөн мекенчил эл уулу Камчыбек Ташиевди сындап чыгыптыр: “Экс-депутат Ташиев баш болгон топ Сузакта беткап таркатып жүрүшөт. Жаратканга жаккан иш, ыраазы болсун дейли. Бирок, эми чукул кырдаалдын шарты боюнча Ташиев жана башкалар сөзсүз түрдө карантинге жаткырылууга тийиш, бул зарыл шарт!!!”- деп жазыптыр. Кечээ жакында бир нече депутат Германиядан, дагы айрымдары Умрадан кайтып келишкен. Балакетин баары ошол жакта болуп жатат. Каптагаев калыс болсо, анда эмнеге ушулар тууралуу айтпайт? Мына ошол депутаттарды биринчи кезекте карантинге жаткыруу шарт эле. Жоок, бийлиги барга Каптагаев эч качан катылбайт! Ал эми Камчыбек Ташиев болсо чукул кырдаал жарыяланып, өзгөчө кайтарууга алынган аймактын ичине кирген эмес (эреже боюнча эч кимди киргизбейт дагы, чыгарбайт дагы), ал тегеректете жайгашкан аймактын элине маскаларды, нан азыктарын таркатууну колго алган. Изоляцияда жаткандарга жергиликтүү бийлик аркылуу бердирилген.

Бул боюнча К.Ташиев өзү мындай деп жазды: “Урматтуу эл журт! Кечээ 19-мартта Сузак районунун бир канча айылдарында, Жалал-Абад шаарында жана короновирус катталган Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн территориясында бет каптарды таркаттык жана карантинге алынган айылдарга нан жеткизилип берилди. Беткаптарды өзүбүз таркаттык, ал эми нан азыктарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөзүп бердик. Карантинге алынган айылдарга эч ким киргизилген жок жана укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлгө алынган. Каптагаев айтыптыр: “Ташиевди карантинге жаткызыш керек”- деп. Каптагаев өзү билет бекен, карантинге кимдер, кайсыл учурда жатыш керек, кандай коопсуздук каралган ж.б. Же мурдагыдай эле Отунбаева, Атамбаев маалындагыдай чагымчылдык кылып жүрө береби? Элибиз кыйналып турганда баарыбыз биригип аракет кылып жатсак, бул болсо кабинетинен чыга албастан өзүнүн караөзгөйлүгүн дагы баштады. Эсиңе кел Каптагаев, мага катылгандар оңбочу эле!Урматтуу эл журт, бүгүнкү абалдан чыгуунун эң негизги шарты - бул мамлекеттик бийлик органдарынын ушул илдетке байланыштуу койгон шарттарын, тартиптерин кынтыксыз аткаруу. Буюрса, баары жакшы болот!”.

Каптагаевдин өзүнүн колунан же маска тараткан, же башка иш колунан келбегенден кийин, элди козутпай, кабинетинде тынч эле олтура бербейт беле?! Деги анын кыргыздын мекенчил уулдарында эмне өчү бар? Же эл ичиндеги Каптагаевдин чынында кайдан чыккандыгы тууралуу айтылган сөздөрдүн чындыгы барбы?