Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-марттагы отурумунда Молдакунов Айбек Карыбекович депутаттардын басымдуу добушу менен Жогорку соттун судьясы болуп шайланып, парламентте ант берди. Ал буга чейин Ысык-Көл облустук сотунда судья болуп иштеген.
Талапкерлерди депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Жогорку соттун судьялыгына талапкердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, ал бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алганын, ошондон улам мамлекет башчысы ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.
«Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун жаңы судьясы парламентте ант берген соң өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Булак: Баракелде