Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында акыйкатчынын орун басары кызмат ордуна Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлиги каралды. Анын талапкерлигин акыйкатчы Токон Мамытов көрсөттү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Г.Жамгырчиеванын талапкерлигин 84 депутат колдосо, үчөө каршы болду. Добуш берүүдөн кийин ал ант берди.
«Мен, Жамгырчиева Гүлнара Оморовна, акыйкатчынын орун басары кызматына киришип жатып, өзүмдүн милдеттеримди ак ниет менен аткарууга, Акыйкатчы институтунун кадыр-баркын төмөндөтүүчү иш-аракеттерди жасабоого, Конституцияны жана мыйзамды сактоого, адилеттикти жана абийиримди туу тутууга салтанаттуу түрдө ант берем», - деди ал.
Булак: Баракелде