Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев жакында эле Германиядан келген парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева жөнөкөй элден айырмаланып үйдө жатканына ачууланды. Бул тууралуу ал «KoomPress» порталына берген маегинде билдирген.
«Эмнеге сиз үйдөсүз, шайлоочулар, жөнөкөй эл карантинге байланыштуу больницада көзөмөлдө! Силер Жогорку Кеңештин кызматкерлери коронавирус тараган Германиядан келип, кызматтык абалыңардан пайдаланып үйүңөрдө жатасыңар, уяты жоктор!!», - деген Ташиев.
Булак: vesti.kg