Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сүйлөшүүдө эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти. Ошондой эле Катар тарап Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.
Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде Катар мамлекетинин эмирине эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.
Булак: Баракелде