Буга байланышкан билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы бүгүн таратты. Анда Фарид Ниязов жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштыруу аракетин көрүп жатат деп айтылат.
— Фарид Ниязов тартип коргоо органдарын жаманатты кылып, иликтөөнүн жыйынтыгын саясатташтырып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мыйзамсыз иштерин актоо аракетин көрүп жатат.
— Бул боюнча комиссиянын жыйынтыгында “Атамбаев бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн, ошондуктан Кой-Таш окуясы боюнча бардык жоопкерчилик Атамбаев жана анын тарапташтарына жүктөлөт”, — деп белгиленген, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Кой-Таш окуясы учурунда УКМК кызматкерлери чыныгы ок эмес, атайын каражаттарды гана колдонууга мажбур болгонун билдирген атайын кызмат мунун баары видеоматериалдар менен тастыкталарын белгиледи.
— Ниязовдун УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей, аларды кооптуу абалда калтырганы тууралуу айыптоолору таптакыр негизсиз, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ошондой эле 7-8-августта УКМКнын кызматкерлери Атамбаевдин үйүндө согуштук куралдарды колдонгон эместиги айтылган. Аргасыздан жана мыйзамдын чегинде атайын каражаттар колдонулганы, ал видео материалдарда жана тергөөдө тастыкталганы белгиленет.
11-мартта Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Опумбаевди айыптаган.
2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.
Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.
Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-мартта жабык карай баштайт.
Булак: Маралфм