Кыргызстандын өкмөтү чөнтөгүнө карап жашоону баштап, экономикалык каатчылыктын келгенине байланыштуу тендерлерди токтотуу керек. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
- 118 өлкөгө коронавирус тараганын кечээ көрдүңүздөр, - деп белгиледи эл өкүлү. Валюталык девальвация жүрүп жатат, сом арзандап кетти. Өкмөт ушуга чейин иштеп келгени эми жарабайт. Үнөмдөө режимине өтүү зарыл. Алгач тендерлерди токтотуп турса болот, дары-дармектер менен азык-түлүккө эмес - анда жарандар жапа чегип калышы мүмкүн. Курулушка байланышкан тендерлерди мисалы, азырынча ал күтүп деле турат.
Бекешев ошондой эле Россия Федерациясына төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүүнү сунуштай аларын белгиледи.
- Россия менен төлөмдөрү улуттук валютада жүргүзүүнү сүйлөшүш керек, мисалга табигый газ үчүн, - деп сунуштады эл өкүлү. - Аларга катуураак мамиле кылуу керек. Эгерде алар доллар болбосун деп жатышса, анда сом менен рублга өтөлү.
Булак: vesti.kg