Азыр көчө саясаты менен алектенгендердин бардыгы демократия, адам укуктары, маалымдуулук, айкындык жана ачыктык жөнүндө айтканды жакшы көрүшөт. 2-мартта митингге чыккандардын талаптарынын бири да ошондой эле. Бирок, маалымдуулукту, айкындуулукту талап кылгандар өздөрү митинг өтүп жаткан мезгилде алдары жетишинче чектеп, жада калса ал жерде жүргөн журналисттердин эркин иштөөлөрүнө да мүмкүнчүлүк беришпегендиги таң калтырды.
Митингди чагылдырууга барган журналисттерди спортчу жигиттер трибунага жакын жолотпой, модераторлордон жана башка активисттерден интервью алганга мүмкүнчүлүк беришпеди. Алар трибунанын эки капталынан 15 метрден арыдан тосуп алышыптыр. Мейли, трибунага ар кимдер чыга бербесин үчүн ал жактарды тостуруп коюшту дейли. Бир жагынан анысы деле туура. Бирок, жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү экендиги такталган соң аларга трибуна жакка барып, чогулгандарды ал жактан сүрөткө тартканга, видеокамерага алганга, сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн диктофондорго жакындан сапаттуу жаздырып алганга уруксат берүүлөрү керек эле. Тилекке каршы, 2-марттагы митингдин уюштуруучулары журналисттерге чогулгандарды аралоого да тыюу салып, көргөндөрүн жетелеп сыртка чыгарып жатышты. Ал маалымдуулуктун, айкындуулуктун принциптерине ылайык келбей турган көрүнүш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн митингчилерди аралап, айрымдарын сөзгө тартып, эмне үчүн, кандай максатта келгендерин сурамжылап билгенге, коюлуп жаткан талаптар боюнча пикирлерин сурап, аларды элге жеткиргенге укуктары бар. Андай митингчилердин так ортосунан даярдалган материалдар сырттан тартылгандарга караганда угуучулар, көрүүчүлөр үчүн алда канча кызыктуу болмок. Кимдердин эмне максаттарда келгени ачыкка чыгарылмак. Маалымдуулукту, айкындуулукту сөз жүзүндө жактагандар иш жүзүндө эмнеге журналисттердин эркин иштөөлөрүнө каршы чыгышты? Өкмөттүк, бийликке лоялдуу ЖМКлардын өкүлдөрүнө уруксат берилбеген менен ашкере оппозициячыл багыттагы, өзгөчө АША жана анын айланасындагылар тарабынан каржыланган маалымат каражаттардын өкүлдөрүнүн ээн эркин эле трибуна тарапты да, чогулгандарды да аралап, өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайык материалдарды даярдап жүрүшкөндөрүн көрүп эле турдук.
Андай көрүнүш: “бизди жактагандарга баары мүмкүн, калыс тургусу келгендерге, башка позицияны кармангандарга уруксат эмес”- деген кош стандарт деп аталат. Кийин ачыкка чыгарылгандарга таянсак, алардын антип кош стандартты кармангандарынын себептери бар экен. Митингге чогулгандардын арасында тизмелер менен ири суммадагы акчалар таркатылып, арак-шараптар куюлуп жаткандыгын башкаларга билдирбейли, көрсөтпөйлү дегенден улам митингдин уюштуруучулары ошондой тартипти киргизишкен тура. Бирок, эки адам билген нерсе эртеси эле элдин баарына жетет, “кыңыр иш кийин да болсо билинет”, “шибегени капка ката албайсың”. Анын сыңарындай митингчилерди билинбей аралап кеткен бирин-серин журналисттер аудио, фотофактылар аркылуу алардын “жашыруун сырларын” эртеси күнү эле ашкерелеп салышты.
Эгерде митингди уюштуруучулар башынан эле журналисттерди биздики, башканыкы деп бөлбөй, иштерине тоскоолдук кылбай эркин коё беришсе, мүмкүн, мастар, провокаторлор ошол замат аныкталып, обо аркылуу коомчулукка жеткирилип, ошол күнү кечиндегидей Акүйдү күч менен басып алуу аракети болмок эмес. Анткени, милиционерлерден айбыкпагандардын телекамералардан айбыгып, тартынып, ашыкча кетпегенге аракеттенишери турган иш. Акыл эси ордундагы бир да аң сезимдүү адам өзүнүн деструктивдүү иш аракеттеринин аудио, видеолорго жазылып, кийин өзүнө каршы факты катары колдонулушун каалабайт. Ал өзүнө каршы айыптоо корутундуну өзү даярдагандай, ороюраак айтканда, өзүнө өзү көр казгандай эле болуп калмак. Бирок, митинг аяктап, айрымдар кармалгандан кийин анын уюштуруучулары ашкере радикалдарынын, мамлекеттик бийликти басып алып, төңкөрүш жасоого чакыргандардын иштери байкалбай, билинбей калышы үчүн атайылап өздөрүнөн, митингге катышкандардан видеокамераларды алыстатышса керек деген ойдо калдык. Эми алар үчүн да өздөрү жооп бергенге аргасыз болушат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы