Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун 1-июлга чейин райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарды. Мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү сурап райондук сотко жергиликтүү акимчилик кайрылып, райондук сот бул арызды 6-мартта канааттандырган.
Өз арызын Биринчи май райондук администрациясы “дүйнөдө жайылып жаткан коронавирусту жана ар кандай башаламандыктардын алдын алуу чаралары” деп негиздеген.
8-мартка жүрүшкө даярданып жаткан демилгелүү топ райондук соттун бул чечиминен кийин жарандардын Баш мыйзамдагы укугу бузулганын айтып, соттун чечимине нааразылык билдирген.
8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен.
Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.
9-мартта Башкы прокуратура жарандардын митингдерди, жүрүштөрдү, башка иш-чараларды өткөрүшүн чектөө мыйзамга каршы келет жана райондук соттордун ага тиешелүү чечимдери жокко чыгарылышы керек деген билдирүү таратты.
Булак: Азаттык